Чеченстандык активист Мансур Мовлаев депортацияланбоо үчүн Кыргызстандан чыгып кетти

Чеченстандык активист Мансур Мовлаев коркунучта турган Чеченстанга депортацияланбоо үчүн Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил Кавказ.Реалии басылмасына билдирген.

Мовлаевдин кайда экени коопсуздук үчүн ачыкталбай жатканын жактоочу билдирди.

"Ал депортация болбоо үчүн республикадан чыгып кеткен. Кантип, билбейм. Ал Кыргызстандын чек арасынан өз алдынча чыгып кеткен деп айтсак болот", - деген активисттин жактоочусу.

Белгилей кетсек, буга чейин укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Чеченстандан келген жарандык активист Мансур Мовлаев УКМК тарабынан кармалганын билдирген.

Кийинчерээк УКМК бул боюнча маалымат тараткан. Анда УКМК Мовлаев Кыргызстанга башка бирөөнүн паспорту менен мыйзамсыз кирип, колунда бар жарандарга бир катар каракчылык кол салууларды жасоого ниеттенип жүргөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан