Бүгүн, 21-августта УКМКнын басма сөз кызматы мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Ысык-Көл облусунан кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-августта эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында радикалдык идеологияны карманган, былтыр 16-августтан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган М.М.М. аттуу Орусиянын жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды,
"Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча ЭТУну каржылоо максатында, Кыргызстандагы колунда бар жарандарга бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргызстандын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.
Ал 2023-жылдын январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Орусиянын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, өлкө аймагында жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Чеченстандан келген жарандык активист Мансур Мовлаев УКМК тарабынан кармалганын билдирген.