“Манас” эл аралык аэропортунда Чеченстандан келген жарандык активист Мансур Мовлаев кармалды. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.
Белгилүү болгондой, Мовлаевди өлкөнүн УКМК кызматкерлери кармаган. Анын иши боюнча сот 21-августка белгиленген. Исмаилованын айтымында, Мансур Мовлаев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду кескин сындаганы менен белгилүү.
Ал өз өлкөсүндө 2020-жылы үч жылга эркинен ажыратылган. 2022-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулуп, Орусиядан качып кетүүгө үлгүргөн. Ал федералдык издөөгө алынган болчу.
Маалым болгондой, Мансур Мовлаев Кыргызстанда 2022-жылдан бери жүрөт.