Алимбек Курманбаев Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорлук кызматынан бошотулду
Алимбек Курманбаев Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорлук кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылдын 26-ноябрында кол койгон. Алимбек Курманбаев бул кызматка экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен 2012-жылдын 16-майында дайындалган.