Бишкектеги үч адамдын өлүмү: Чынтемир Аширалиевдин жактоочусу шаардык сотко кайрылды

Бишкек шаарындагы үч адам өлтүрүү боюнча иш шаардык сотко өттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу Чынтемир Аширалиевдин жактоочусу Октябрь райондук сотунун аны өмүр бою эркинен ажыраткан чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылган. Сот 20-декабрга белгиленген.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан