Бишкектеги үрөй учурган адам өлтүрүүнүн видеосу тарады

Кечээ, 16-февралда Бишкектеги кичи райондордун биринде үрөй учурган адам өлтүрүү фактысы катталды. Анда аял эки баласы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Көп өтпөй шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран өз үйүнөн кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Кармаш урушуу боюнча спорт чебери. 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ат салышкан. Ошондой эле УКМКнын мурдагы кызматкери болгону дагы айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү аялды бир канча жолу бычактаган. Ал эми анын кызы көп кабаттуу үйдөн секиргенде денесинен ар кандай жаракаттарды алган. 5 жашар баланын моюнунда муунтулган тактар бар экени аныкталган. Учурда медициналык экспертиза дайындалган.

Бүгүн, 17-февралда социалдык тармактарга үрөй учурган окуянын видеосу тарады. Анда 18 жаштагы кыздын көп кабаттуу үйдөн секирип түшкөнү, аны көп өтпөй шектүү кайра үйдүн ичине көтөрүп алып кирип кеткенин көрүүгө болот. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Бишкектеги үрөй учурган адам өлтүрүү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2023-02-17 14:36:00
Видеонор жакшы көрсөтпөйт айланып
0
Zama
2023-02-17 15:11:00
Обычный эле ача турган кылып койсонор видеону, же жуктобогуло! Ким озу чонунар айткыла.?
0
Zama
2023-02-17 15:12:00
Айсалкын озун корчу бизге айтып бер!
0
Kuban-1207
2023-02-17 15:20:00
Супер инфо видеону көрчү айлантып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан