Кыргыз-тажик чек арасы. Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту

Бүгүн, 12-декабрда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Маалыматка ылайык, жетекчилер 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулап, калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан