Акылбек Жапаров Москвага барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Орусиянын Москва шаарына барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат.

Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында Кыргызстандын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылары күтүлүүдө.

Мындан тышкары 2024-жылы Орусиянын КМШга төрагалык кылуу концепциясынын негизги жоболору сунушталат.

Жыйындын жыйынтыгында өкмөт башчылардын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл КМШнын органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан