Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Анда комитеттин төрайымы Чолпон Султанбеков “Ата-Журт Кыргызстан”, “Альянс” "Ишеним" фракцияларынын жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топторунун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу боюнча чечимдери бар экенин билдирди.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.