Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиядагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Аталган ассамблеяга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын парламенттери мүчө.
Белгилей кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындары өтөт.
Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.