"Бензин өчсө кызыл, светофорго токтосоң кызыл". Депутат желектин түсү жакпай турганын айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 1992-жылы мамлекеттик тууну кабыл алып жатканда "желектин түсүн кызыл эмес, башка өңдө кылсаңар болмок" деп туунун авторлорун сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитетте тууга өзгөртүү киргизүү туралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Жыйынга туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков менен Жусуп Матаев чакырылып, ал кызуу талкуу менен өттү.

Талкуу маалында депутат Коргонбай уулу кызыл түс көбүнө жага бербей турганын айтты.

"Башында эле туура эмес кылган экенсиңер, башка түстө кылсаңар болмок экен. Көк асаба же жашылбы… Кызыл түс - жол чыракка токтосоң деле кызыл, бензин түгөнгөндө да кызыл жанат. Бул негизи менин жеке оюм. Илгери Манас атабыздын желеги көк асаба деп ак илбирстин сүрөтүн коюп, желек желбирегенде ак илбирс баскандай болуп. Олуттуу, жакшы желек кабыл алган эмес экенсиңер", - деди ал.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Мамат Сыдыков.

Жогорку Кеңеш 19.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан