Аскат Алагозов туу боюнча мыйзам качан ишке ашарын айтты

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине алдыдагы шейшемби күнү жарыяланат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн (техническая спецификация) өз токтому менен бекитиши керек.

Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.

Аскат Алагозов президент Садыр Жапаров азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо тапшырмасын бергенин айтат.

"Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.
Башкача айтканда белгилүү бир убакытты алат.
Белгилей кетсек, азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат. Бул президент Садыр Жапаровдун так тапшырмасы", - деп жазган Алагозов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан