Быйыл 75 студент президенттик стипендия алды (фото)

Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Быйыл Кыргызстандын бардык университеттеринен 75 студент президенттик стипендияга ээ болду.

Президент сөз сүйлөп жатып, 5 алдыңкы университет уюштуруучулук, каржылык, академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө макамга ээ болгонун айтты. Учурда бул университеттер инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айлануу үстүндө иш-аракеттерди алып барууда.

“Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат”, - деди Жапаров.

Ошондой эле, “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулганын жана аны быйыл 17 студент алганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан