Кечээ, 24-декабрда президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекет башчынын борту "Пулково" эл аралык аэропортуна конду.
Өлкө башчыны Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.