Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык соту тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду абакта калтырды

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жактоочуларынын арызы бүгүн шаардык сотто каралып, канааттандырылган эмес. Жоробеков 2024-жылдын 7-февралына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында болмокчу.

Белгилей кетсек, Афтандил Жоробеков 7-декабрдын кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, андан соң кармалган. Активисттин бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги ага “массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган” деген айып коюуда. Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыккан.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2023-12-25 16:11:00
Садыр Жапаров мырза жарандардын пикирлерин кабыл алганды үйрөнгөн эмес экен. Кайраттуу эл гана өз пикирин жашырбайт. Садыр Жапаров этият бол. Бийликтеги акмактар гана бийлике таянып бирөөнүн пикирин кемсинтет, басынтат.
-1
Uri24
2023-12-25 16:13:00
Коомдук пикир дайыма акыркы сөздү айтат жана ага макул болбогон бийликтин келечеги жок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан