ИИМ тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн кармалган Афтандил Жоробеков боюнча билдирүү жасады

7-декабрь күнү социалдык тармактарда “B***KG” баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган баракчанын ээси, эч жерде иштебеген А. Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Билдирүүгө ылайык, анын жашаган дарегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, Dell, MacBook, Leonovo жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылып алынган.

"Шектүү жаран А.Ж. жашаган даректен, анын жакын 2 адамы техникалык каражаттардын басымдуу бөлүгүн алып, автоунаа менен качуу аракетин жасоо маалында милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, жогорудагы буюмдар алынган. Ошондой эле, шектүүнүн дагы бир жакын адамы 1977-жылы туулган С.Н. аттуу жаран 9 даана ноутбукту аталган даректен жашыруун алып бара жаткан учурунда токтотулуп, андан соң өз ыктыяры менен буюмдарды тапшырууга аргасыз болгон", - деп билдиришти ИИМден.

Тинтүү иш-чараларынын жыйнтыгында алынган техникалык каражаттар булар:

4 уюлдук телефон;

- "Sony" үлгүсүндөгү 1 фотоаппарат;

- 16 "Leonovo",

"Dell" жана башка үлгүсүндөгү ноутбуктар;

- 15 "MacBook" үлгүсүндөгү нотбуктар;

- 3 флеш-карта;

- 1 "Apple" үлгүсүндөгү моноблок (компьютер);

- 13 адаптер;

- 3 планшет; - сырткы маалыматтарды сактоо дисктер;

Жалпысынан, шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттарынын орточо баасы 3 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

"Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды "Temirov Life" жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган. Жогоруда айтылган фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талтарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарга) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүп жатат жана кошумча аныкталган ыкчам маалыматтар укуктук баа берүү үчүн толук кандуу текшерүлүүдө", - деп кошумчалашты ИИМден.

Афтандил Жоробеков Свердлов райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камакка алынды. Азыркы учурда, шектүү А. Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды кандай максатта топтогон, ишмердүүлүгү кимдер тарабынан каржыланган жана ал менен биргеликте баш аламандыкты уюштурууга аракет кылган байланыштары такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан