Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков кармалды

Жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, активисттин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Укук коргоочунун айтымында, активист кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандыкка чакыруу) боюнча кармалган.

7-декабрь күнү кечинде активист социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасаган. Анда аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырышканын билдирген.

Белгилей кетсек, Афтандил Жоробеков 9-декабрда туу алмаштырууга каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан