Нарын облусунда өткөн аптада 2 өрт кырсыгы катталганын Нарын облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өкүлү Талгат Таалайбек уулу билдирди. Анын айтымында, 2012-жылдын 6-декабрында Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын тургуну Света Токтомамбетованын үйүндө жыйылган чөп өрттөнүп, үй ээсине 8847 сомдук чыгым алып келди. Ал эми 8-декабрь күнү Жумгал районундагы Чаек айылындагы Элмира Жумалиеванын короосунда жыйылган отуну өрттөнүп, үй ээсине 2067 сомдук зыян алып келди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.