Алмазбек Атамбаев таза немисче сүйлөй алгандыгы менен германиялыктарды сүйүнттү

Кечээ, 11-декабрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Германиядагы сапарында Конрад Аденауэр атындагы фонддун имаратына келип чоң талкууга катышты. Ал жерде өлкө башчыны Германиянын депутаты, Кыргызстанга байма-бай каттап турган Манфред Грунд менен фонддун башкы катчысынын орун басары Герхард Валерс тосуп алды. "2010-жылдан кийинки Кыргызстандагы ички саясий абал, кыргыз-немис кызматташуусунун келечеги тууралуу" темасындагы талкуунун башында Алмазбек мырза сөзүнүн айрым жерлерин немис тилинде сүйлөп, иш-чарага келген катышуучуларды, айрыкча немистерди кубантты. Эскерте кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев өз маектеринде мектеп курагында немис сабагын өтүп калгандыгына байланыштуу президенттикке киришкенден бери күн сайын эртең менен бир сааттай англис тилин үйрөнүп жаткандыгын белгилеген болчу.

Катышуучуларга карата синхрондуу котормо жүргүзүлүп жаткандыктан, президенттин орус же кыргыз тилинен улам секирик менен немисче сүйлөй баштаган учурларында, талкууга келгендер кулактарынан угуу аппараттарын чечүүгө жетишпей калып, бири-бири менен "немис тилин жакшы билет экен" деп күбүрөп жатышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан