Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескен Ногойбаеванын адвокаты бүгүнкү сот боюнча маалымат берди (видео)

Бүгүн, 9-январда Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы жубайын бычактап, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовдун иши Чүй облустук сотунда каралды. Анда жабырлануучу Асел Ногойбаеванын биринчи арызынын негизинде иш кайра кароого келип түштү.

Тагыраагы, Ногойбаева кулак-мурду кесилген каргашага чейин мурдагы күйөөсүнө карата эки жолу арыз жазган. Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Ошол токтотулган кылмыш иши боюнча Сокулук райондук прокуратурасы жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароо өтүнүчүн келтирген.

Сот отуруму жабык өттү. Жараяндан кийин жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутова судья прокуратуранын өтүнүчүн четке какканын айтты.

"Буга чейин Сокулук райондук соту былтыр 7-декабрда "Жаңы жагдайлар боюнча иш ачылбайт" деген чечим чыгарган. Бүгүн облустук сот да аны күчүндө калтырды. Биз Жогорку сотко да кайрылабыз", - деди ал.

Ошондой эле адвокат Ногойбаева бычакталган окуя боюнча тергөө аяктаганын, жакын арада соттук отурум белгиленерин кошумчалады.

"Эстебесовго 11 берене менен айып коюлууда. Кылмыш ишинин материалдары Сокулук райондук сотуна түшүп, азыркы күнгө чейин жараяндын күнү белгилене элек", - деди Саутова.

Ал эми айыпталуучу Эстебесовдон комментарий алууга Жазаларды аткаруу кызматынын конвойлору мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн.

Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Жабырлануучу Асел Ногойбаева буга чейин облустук сотто апелляциялык арызы каралбай келгенин, отурум боюнча маалымат берилбегенин айтып чыккан. Ошондой эле ал мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, 2022-жылы 31-августта жана 2023-жылы 31-январда милицияга кайрылганы, милиция эки ирет тең "Зордуктоо" беренеси менен иш козгоп, сотко өткөргөнү маалым болгон.

Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Экинчи жолкусунда Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 2023-жылы “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок үч жылдык мөөнөт менен пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Коомчулук сынынан кийин гана Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Сокулук райондук сотунун судьясы Токтомаматов 2023-жылы 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Асел Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган Чүй облустук сотунун үч судьясын жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген. Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.

Учурда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеп салган Эстебесовду өмүрүнүн акырына чейин эркиндигинен ажыратууну талап кылып, change.org сайтында кол топтолууда.

Чүй облустук соту 09.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан