Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Селекция айылында болгон кылмыш боюнча кенен маалымат берди.
Анда облустук милиция Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанованын "милиция өз убагында реакция жасаган эмес" деген билдирүүсүн четке какты.
"Селекция айылында болгон окуяга милициянын реакциясы өз убагында болуп, болгон окуядан да оор боло турчу кесепеттерге жол берген жок. Кененирээк маалымат бере турган болсок, окуя боюнча маалымат жабырлануучунун кошунасынан саат 07:00дө келип түшкөн, жабырлануучунун батиринде шектүү ызы-чуу салып жатканын билдирген. Сокулук РИИБдин эки милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү саат 07:15те окуя болгон жерге келип, жеринде батирдин ичи кан болуп жатканын көрүшүп, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармашкан.
Андан соң милиция кызматкерлери Күн-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнө алып барышып, "Тез жардам" кызматына кабарлашкан. Шектүүнү айылдык бөлүмчөгө жеткирип, кайра окуя болгон жабырлануучунун батирине келишкен. Ал жерден "Тез жардам" келе электигин билип, өздөрүнүн кызматтык унаасы менен жабырлануучуну ооруканага алып барышкан", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ошону менен бирге Чүй ОИИББи Жогорку Кеңештин жыйынында бул окуядан тышкары жабырлануучу мурда дагы милицияга кайрылып, реакциясыз калган деген билдирүүгө жооп берди.
"2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу 1987-жылы туулган Н.А. Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. 31-август күнү Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Э.А. камалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн.
Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байлыныштуу кылмыш иши сотто кыскартылган. Андан сырткары 2023-жылдын 31-январында Н.А. кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. ошол эле Селекция айылындагы жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. Андан кийин кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, иши Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто А.Э.ге карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган. Ал өкүмгө нааразы болгон айыпталуучу А.Э. Чүй облустук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат", - деп кошумчалашты облустук милициядан.