Бүгүн, 10-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамдын өлүмүнө айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин соту өтүүдө.
Сотто Аширалиев Алтынай Канзаманованын үйүнө эмне себептен барганын айтты.
"Анын үстүнөн батирдегилер милицияга арыз жазышыптыр. Анан ал мага чалып консультация сурап чакырды, мен ошол үчүн баргам", - деди Аширалиев.
Ал ошондой Каназаманованын үйүнө саат 23:00 чамасында барганын айтты.
Эске салсак, 2023-жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган болчу.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.