Алтынбек Сулайманов: "Медицина адамды дарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт"

"Медицина адамды дарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт" деген сөз бар. Учурда оорунун көпчүлүгү малдан жугуп жатат". Мындай пикирди ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. "Ветеринария тармагын көтөрүү, анда иштегендерге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу орчундуу маселе. Бул демилгеге өкмөттүн каршы болушу туура эмес",- деди Сулайманов. Белгилей кетсек, учурда ЖКнын жыйынында “КРнын Ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандагы ветеринардык кызматкерлерге да атайын мамлекеттик наам ыйгаруу жагы каралган. Ал эми мыйзам долбооруна өкмөттүн каршы пикири боюнча Каржы министрлигинин өкүлү "каражат тартыштыгына байланыштуу каршы пикир билдирди" деп жооп узатты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан