Акылбек Жапаров кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык China National Electric Engineering (CNEEC) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, CNEEC өкүлдөрү экологиялык маселелер жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча негизги министрликтер менен консультацияларды өткөрүшкөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан