Кечээ, 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн улам өлкө боюнча 78 объект текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкө боюнча 78 объект каралган. Алардын ичинен 50дөн ашуун объект жарандардан келип түшкөн маалыматтар боюнча текшерилген.
Текшерүүдө урап калган же жашоочуларга коркунуч жарата турган объектилер аныкталган эмес.
"Жер титирөөгө негизинен Бишкек шаары жана анын айланасындагы курулуштар толугу менен туруштук берди. Ал эми жарандарыбыз жиберген жаракалар курулуштун негизги стандарттарынын бузулушуна дал келбейт. Шыбактын, бөлмөлөрдүн бөлүкчөлөрү, жер кыртышынын чөгүүсүнөн жана башка о
орчундуу курулушка тиешелүү иштер катталган жок", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 23-январга караган түнү өлкөнүн бир топ аймагында жер титирөө
катталган. Мындан улам Мамлекеттик курулуш агентиги тарабынан имараттарды текшерип чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн
болчу. Ошондой эле, агентик жарака кеткен үй ээлерин байланышка чыгууга
чакырган.