
23-январга караган түнү өлкө аймагында орун алган жер титирөөгө байланыштуу Мамкурулуш агенттиги курулуш объектилериндеги табигый кырсыктан пайда болгон деффектилерди аныктоо иштерин алып барат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Анда кандайдыр бир объекттерде деффектилерди байкаган жарандар 0555579257 (WhatsApp) номуруна сүрөт же видео материалдар менен кайрылса болору айтылат.
Белгилей кетсек, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да 23-январга караган түнү саат 00:09да
катталган. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин
сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жердин силкинүүсүнөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.