23-январга караган түнү өлкө аймагында орун алган жер титирөөгө байланыштуу жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигининин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаадагы жана Бишкекке жакын аймактарда жайгашкан үйлөр текшерилип, визуалдык кароодон өткөрүлүп жатат. Мындай жумушчу топ Ысык-Көл облусу боюнча да түзүлгөн.
"Бишкекте мамлекеттик текшерүүдөн өткөн көп кабаттуу үйлөр талапка жооп берет. 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Ал эми мыйзамсыз салынган, техникалык талаптарга жооп бере албай турган имараттарга, саман үйлөргө кепилдик бере албайбыз.
Учурда бир катар үйлөр текшерилди, жарака кеткен үйлөр аныкталган жок. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди Орунтаев.
Белгилей кетсек, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында 23-январга караган түнү саат 00:09да катталган. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3-4 баллдын тегерегинде сезилген.