Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат

Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагында жайгашкан 10 гектар жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер»" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун бекитти.

"Жаңы фабрикада жип ийрүү, трикотаж токуу, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пландалууда. Бул аракеттер пахтачылыкты өнүктүрүп, жашоочуларга жумуш орундарын түзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан