"Бишкектин Лев Толстой көчөсүнө, жакында жол кырсыгы болуп, студент кыз каза болгон жерге жол чырак орнотуу зарыл",- деди ЖКнын бүгүнкү жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов. "Эмне үчүн ушул убакка чейин Билим берүү министрлиги менен Ички иштер министрлиги аталган жерге жол чырак орноткон эмес? Эмне үчүн жок дегенде ал жерге МАИ кызматкерлерин коюп койбойт?"- деди эл өкүлү. Белгилүү болгондой, 10-декабрда аталган көчөдөгү жөө жүрүүчүлөр өтчү жайдан өтүп бара жаткан студент кызды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, ал ооруканадан каза болуп калган.