Президент Алмазбек Атамбаев Германияга болгон сапарынын алкагында Конрад Аденауэр атындагы фонддун талкуусуна катышып жатып, өлкө ичиндеги жаштарды үмүттөндүргөн Кыргызстандагы ири экономикалык долбоорлор тууралуу суроо берилди.
Ага өлкө башчысы: "Жакында эле беш жылды камтыган улуттук стратегияны алып чыктык. Жылдын башынан бери түрдүү мамлекеттерге барып, жол картасына ишке ашчу долбоорлорду караштырып жүрдүм. Алардын кээ бирин атай өтсөм, бул - ГЭСтердин курулушу, ал миңдеген жумуш орундарын камсыз кылат. Ошондой эле, ири ирригациялык долбоорлор каралууда, жыл сайын 10 миң гектар сугат жерин иштетүүгө берүүнү карап жатабыз. Картаны иштеп чыгуунун максаты - мегадолбоорлор болушунда деле эмес, элге жумуш берүү болуп саналат. Биз жок дегенде, бир үй-бүлөдө бир киши иштесин деп жатабыз",- деп жооп берди.
Ошондой эле Алмазбек мырза Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна токтолуп, бул сыяктуу чоң-чоң долбоорлор Орусиянын да, Кытайдын башчылары менен макулдашылганын айтты. "Албетте, мындай мегадолбоорлордун Германия менен да болушун каалайт элек",- деди Атамбаев.