
"Мадина" базарынын негиздөөчүсү
Турсунтай Салимов 4-апрелге чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу маалыматты
SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан ырастады.
Мындай токтомду борбор калаанын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган.
"Сотко УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Салимовду 4-апрелге чейин абакта калтырууну суранып, кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды", - деп билдиришти мекемеден.
Эскерте кетсек, Турсунтай Салимов былтыр 8-октябрда
кармалган. Ал маркум кримтөбөл
Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп алып, ишкерликтеги атаандаштарын коркутуп келген деп
шектелүүдө.