УКМК Турсунтай Салимов менен Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экенин айтты

Бишкектеги "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп алып, ишкерликтеги атаандаштарын коркутуп келген деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин — 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Камчыбек Асанбек жана анын жан-жөөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.

"Жогорудагы адамдардын арасында жаран Турсунтай Салимов дагы бар, ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген. Ал эми Камчыбек Асанбектин кылмыштуу тобуна Турсунтай Салимов дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, ал “топту” (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Мындан тышкары, Турсунтай Салимов абактагы уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында ар кандай нерселерди (грев) берип келгени аныкталды.

"Салимов мыйзамдагы ууру Камчыбек Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого жана өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-октябрда Турсунтай Салимовго кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тарабынан 4-декабрга чейинки мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
olegdenns
2023-10-10 22:24:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан