Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Мадина" ЖЧКсынын башкы директору Турсунтай Салимов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, Турсунтай Салимов учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Салимовдун кармалышын 4-октябрда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаев менен байланышына да байланыштырышууда.
Ал 1993-2010-жылдары "Мадина" ЖЧКсынын башкы директору. 2010-жылы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү болгону айтылат.