ЖКда депутаттар ЖОЖдон бекер орундарды бөлүп берип, ветеринар адистерин даярдоо керектигин айтышты
Парламент жыйынында депутат Надира Нарматова Кыргызстандагы ветеринар адистиги боюнча кадр даярдоо көйгөйүнө токтолду. "Азыртадан мамлекет тарабынан бекер орундарды бөлүп берип, ветиринар адистерди даярдап чыгарбасак, эртең бул адистикте иштегендерди сыйпалап таппай калабыз",- деди депутат. Ал ошондой эле медициналык окуу жайга өтпөй калган абитируенттер ветеринардык кесипке тапшыра тургандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. Эскерте кетсек, учурда ЖКда ветеринар адистерине "Эмгек сиңирген ветеринар врач" наамын берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.