Бишкекте 95 мектеп болсо, анын ичинен 18 мектеп гана кыргыз тилдүү экенин депутат Урмат Аманбаева билдирди
"Бишкек шаарында жалпы 95 мектеп болсо, анын ичинен 18 мектеп гана кыргыз тилинде билим берет". Мындай маалыматты ЖКнын 12-декабрдагы жыйынында депутат Урмат Аманбаева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө расмий тилге басым жасалып, 23 жылдан бери кыргыз тил өнүгүү жактан аксап келе жатат. Депутат Анарбек Калматов: "Өзбекстанга барып, жарандарына орусча суроо узатса, өзбекче жооп беришет. Албетте, кыргыз тилин билүүгө ар бир кыргыз милдеттүү. Бирок орус тилин да унутпашыбыз керек",- деди. Айта кетсек, учурда Парламентте “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Аталган мыйзам долбоору кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган.