Депутаттар КРнын Маданият жана туризм министринин орун басарын орусча текст окуганы үчүн сынга алышты
ЖКнын бүгүнкү, 12-декбардагы жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов жогорку бийликтеги адамдардын эне тилге болгон мамилесине токтолуп, айрымдарына нааразычылыгын айтты. "Кечээ жакында Опера жана балет театрында АКШ менен Кыргызстан биргеликте өткөргөн концертке катыштым. Америкалык жарандар чыгып, "Жамгыр төктү" ырын баш кылып бир топ ырларды таптаза кыргызча ырдашты. Сөз сүйлөгөндө да кыргызча так сүйлөшкөнүнө күбө болдум. Анан сахнага КРнын Маданият жана туризм министринин орун басары чыгып, орусча сүйлөп куттуктоо окуду",- деди депутат. Депутаттын айтымында, ушундай расмий иш-чараларга барганда кыргыз тилин билгендер гана барыш керек. "Эгер кыргыз тилин билбесе, ал кызматкер үйүндө же кабинетинде отура берсин",- деди.