Бишкек участкалык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык кеңешинен КСДП партиясына - 21 мандат, "Республика" партиясына - 11 мандат, "Ата Мекен" партиясына - 7 мандат, ал эми "Замандаш-Современник" партиясына - 6 мандат тийди. Бул тууралуу аталган комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, 14 участкалык шайлоо комиссиясында добуштарты кайрадан саноо иштери жүрдү. Алар: №1017, 1012, 1149, 1236, 1241, 1305, 1308, 1309, 1311, 1318, 1339, 1340, 1342, 1346. Ал эми №1339 участкалык шайлоо комиссиясында шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды.