Күлкүлүү пранктарды тартып элге таанылган Канат Шабданбеков учурда белгилүү блогерлердин бири. Андан тышкары ырчы Анжелика Кайратова менен бирге “Биз жолуктук” долбоорун негиздеп, алпаруучулук кесипти да аркалап келет. Каарманыбыз жакында үйлөндү, бирок күйөрмандары анын үйлөнгөнүнө ишенбей “кезектеги пранк, хайп” деп чыгышканын айтат Канат мырза. Маекте үйлөнүүсү, чыгармачылыгы, Анжелика айым экөөнүн “хайп сүйүүсү”, балалыгы тууралуу кенен айтып берди.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 29-мартта чыккан жаңы - №1112 санынан окуй аласыз.