11-декабрдан баштап "Нарын-Өрүктам" автожолу унаалар үчүн жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинен бүгүн билдиришти. "Нарын-Өрүктам унаажолунун 45-75 чакырым аралыгындагы жолу Нарын районунун акиминин чечими менен 11-декабрдан баштап жабылды. Ал эми башка жолдор ачык. Учурда унааларга кыйынчылык жаралбаш үчүн кум төгүлүп, карлар тазаланууда" деп маалымдашты аталган министрликтен.