Нарын. 13-декабрда “Алтын ажыдаар-2012” сулуулар сынагы өтөт.

13-декабрда саат 15:00до Нарын музыкалык академиялык драма театрында “Алтын ажыдаар-2012” сулуулар сынагы өтөт. Бул туурасында сынактын продюсери жана уюштуруучусу Динара Чолпонбаева билдирди. Сулуулар негизинен 6 тапшырма боюнча таймашышат. Уюштуруучулар кыздарды облустун бардык райондорунан катышууга чакырышкан. Алардын саны 18 болсо, жаш өзгөчөлүктөрү 15 жаштан 25 жашка чейин. Байге фондунун жалпы суммасы 60000 сомду түзүп, баш байге Кытайга жолдомо. Динара айымдын айтымында, бул күнү бир гана сулуулар сынагы өтпөстөн, белгилүү стилист, дизайнер Олег Беданын кийимдер көргөзмөсү да болмокчу. Учурда кыздар кызуу даярдык көрүп жатат. Алардын дефилеге даярдык көрүп жаткан учурунан бир көз ирмем.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан