Курманбек Бакиевге пенсия чыгаруу маселеси анын өз эрки менен Кыргызстанга кайтып келгенде же экстрадицияланганда чечилиши мүмкүн. Мындай пикирди бүгүн учурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. “Курманбек Бакиев оор кылмышка шектелип экс-президент деген статусунан кол жууган. Андыктан ага пенсия бөлүп берүү маселеси мыйзамдын чегинде каралышы керек”,- деди Фарид Ниязов. Эске салсак, Беларусь президенти Александр Лукашенко 11-декабрда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын журналисттери менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин пенсиясын Беларуска которуп берүүнү кыргыз бийлигинен өтүнгөн.