Мелис Турганбаев: "Реформаны шаардык милиция бөлүмдөрүнөн баштоо керек"

“Кыргызстанда милицияны реформалоону шаардык милиция бөлүмдөрүнөн баштоо керек” деп билдирди журналисттерге милиция бөлүмдөрүнө болгон пресс-тур учурунда Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев. Шаардык милициянын башчысынын айтымында, көптөгөн шаардык милиция бөлүмдөрүнүн абалы аянычтуу абалда. “Акыркы 3 жылдан бери милициянын шаардык бөлүмдөрүн оңдоого бюджеттен бир тыйын да бөлүнгөн эмес. Милиция кызматкерлери өз күчү менен имараттарды оңдоп келишет. Кээ бир бөлүмдөрдө бир кабинетте 7-8 кызматкер иштешет. Ар бир бөлүмгө орто эсеп менен 3 миллион сомго жакын каражат керек. 2013-жылга өкмөттөн жана шаардык мэриядан каражат бөлүп берүүсүн сурайбыз”,- деди Мелис Турганбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан