Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси менен жолукту (сүрөт)

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Өзбекстанга болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Жогорку Соттон билдиришти.

Маалымдалгандай, Замирбек Базарбековду Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев тосуп алып, элчиликтин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана жаңы имараты менен тааныштырып чыкты.

"Замирбек Базарбеков ардактуу меймандар китебине кол тамгасын калтырып, элчиликтин ишине ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан