Баткен. Паскы-Арык айылында "Алтын казык" аттуу жаңы балдар бакчасы ачылды

10-декабрь күнү Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылында "Алтын казык" аттуу жаңы балдар бакчасы ачылды. Анын ачылышына Баткен районунун акими Сейтмурат Калыков  жана  аталган айылдын өкмөт башчысы жана  ЮНИСЕФ уюмунун  өкүлдөрү катышышты. Аталган бала бакчанын курулушуна айыл өкмөт тарабынан 385 миң сом акча бөлүнгөн. Ал эми элдин, жеке ишкерлердин жардамы менен 120 миң сом акча топтолгон. Андан сырткары ЮНИСЕФ уюму тарабынан бакчага түрдүү оюнчуктар, парта, отургучтар берилди. Эски чайкананын оңдоп-түзөлгөн имаратына ачылган бул бала бакча 3 бөлмөдөн турат. Анда балдар түшкө чейинки жана түштөн кийинки болуп экиге бөлүнүп тарбияланмакчы. Ушул эле күнү Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылында да 100 орундуу бала бакча ачылды. Ага КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан