Салам, дос!
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган...
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып...
Бул керемет саптардын автору, чыгаан акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун арабыздан кеткенине жакында 4 жылдын жүзү болду. “Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт” деген чын сыягы, Зайырбек агабыздын атын анын калемине таандык ырлар өчүрбөй турганын турмуш көрсөтүүдө. “Тирүүлүктүн күнү өтө берет экен, кечээ эле жаныбызда жүргөндөй болчу, анын жоктугу бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөбүз үчүн чоң арман”,- дейт жубайы Анара Жансариева. Акын көзү тирүүсүндө кичинекей кызы Карлыгачтын кызыктуу окуяларын көп баяндап берер эле. Ошол кичинекей Карлыгач быйыл 4-классты бүттү. Анара айым менен Карлыгач редакциябызга келип кызыктуу маек куруп беришти.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 17-майда чыккан жаңы – №1119 санынан окуй аласыз.