Каныбек Осмоналиев Кыргызстандын жаңы муфтийин шайлоо боюнча курултайга бийлик өкүлдөрү кийлигишип жатканын айтып, элге кайрылуу жасады

Бүгүн 12-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы муфтийин шайлоо боюнча кайрылуу жасады. "Урматтуу Кыргызстандыктар! Урматтуу мусулмандар! Кыргызстан мусулмандары 2012-жылдын 15-декабрын абдан чоң толкундануу менен күтүп жатат. Бул күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы муфтийин шайлоо болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан татыктуу, аалым, таза деп эсептелген мусулман жарандары курултайга делегат болуп шайланышты. Алардын жалпы саны 200. Бул – абдан маанилүү руханий, анан калса мамлекеттик деңгээлдеги идеологиялык мааниси бар иш-чара" деп башталат кайрылуу. Депутат ошондой эле "аталган курултайдын делегаттары тарабынан көптөгөн кайрылуулар болуп, кайрылгандар жогорку бийлик кызматкерлери тарабынан курултайдын ишине кийлигишүү болуп жатканын айтышты" деп билдирет. Кайрылуунун соңунда Каныбек Осмоналиев бийлик өкүлдөрүнөн курултайдын ишине кийлигишпөөнү өтүнөт. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан