Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин отурумунда депутат Мирлан Самыйкожо Нарын облусунун Миң-Куш айылында сайга кулаган жүк ташуучу унаа ташып келе жаткан жүккө кызыкты.
Жыйын учурунда эл өкүлү жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметовдон "анын ичинде эмне бар?" деп сурады.
Маметов кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаада уран калдыктары болгонун айтты.
Самыйкожо мунун кесепети Орто Азияга тийип калышы мүмкүн деп кооптонду.
"Уран калдыктары сууга кулап жатканы телефонго да келип жатат. Буларга кандай чара көрүп жатасыңар. Эртең Орто Азияга кедергибиз тийип калбайбы?" - деди ал.
Министрдин орун басары бул боюнча комиссия иштеп жатканын, 2-3 күндүн ичинде жыйынтыгы чыга турганын айтты.
Самыйкожо бул ишке болгон көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.
"Миң-Куш элинин абалын жакшы билесиздер. Аларды жанагындай абалга алып келгени аз келгенсип, эми дүйнөнү булгап алсак, анда биз өтө жакшы мамлекет болбой калабыз", - деди Самыйкожо.
Белгилей кетсек, 10-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги окуя 1-июнь күнү болгонун, кырсыкты иликтөөчү комиссия түзүлгөнүн билдирген.
3-июнь күнү социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар тарабынан кырсык болгон жерде тартылган сүрөт, видеолор тарай баштаган. Бир катар жергиликтүү басылмалар Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшкөнүн жазып чыгышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Туюк-Суу калдык сактоочу жайындагы рекультивация иштерин жүргүзүп жаткан "Росатомго" таандык унаа кулаганын ырастап, унаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.