Социалдык өнүктүрүү министрлиги: 2011-2012-жылдар аралыгында кыш айларында 64 үй-жайсыз адам каза болгон
2011-2012-жылдар
аралыгындагы кыш айларында 64 үй-жайсыз адам каза болгонун Социалдык өнүктүрүү
министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. “Үй-жайсыз адамдар коомчулукта, өзгөчө
кыш айларында чоң социалдык маселелердин бири болуп келет. Практика
көрсөткөндөй, алар жашоонун кыйын абалдары менен күрөшө алышпайт. Андыктан
Социалдык өнүктүрүү министрлиги “2012-2014-жылдарга карата КРнын элинин
социалдык коргоосун өнүктүрүү стратегиясынын” негизинде үй-жайсыз адамдарга
карата тиешелүү иш-чараларды көрө баштады”,- деп жазылат аталган министрликтин
билдирүүсүндө. Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы
учурда республика боюнча үй-жайсыз адамдар үчүн 9 турак жай ачык экенин белгилешти. Кыш
айларында Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы үйлөрдүн бардыгы толуп калганына
байланыштуу министрлик үй-жайсыз калган адамдарга Нижний-Серафимовский
интернат-үйүндө 4 айлык мөөнөткө орун бөлүнүп берилди.