Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеш Жылдыз Полотованы министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованын талапкерлигин карап, жактырды.

Жылдыз Полотованы министр кылып дайындоого 82 депутат макулдугун берди.

Буга чейин Полотованын талапкерлиги парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде каралып, талкуусуз жактырылган.

Белгилей кетсек, 7-июнда Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу. Ал эми бул кызматты аркалап келген Гүлнара Баатырова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан