Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ага ылайык, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.